Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт
7-9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарындагы “Газпром” спорттук комплексинде самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Үч күндүк мелдеште спорттук жана күжүрмөн самбо, ошондой эле SVI-1 класстагы көзү азиз спортчулар арасындагы самбо боюнча жалпы 31 топтом медаль ойнотулат.
Самбочулар төмөнкүчө салмак категориялары боюнча беттешет:
Спорттук самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм.
Спорттук самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80+ килограмм.
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм.
Күжүрмөн самбо (кыз-келиндер арасында): 50, 54, 59, 65, 72, 80, 80+ килограмм.
Көзү азиздер самбосу (SVI-1 классы, эркектер арасында): 64, 79, 98 килограмм.
Мелдештин жалпы байге фонду 341 миң долларды түзөт. Бардык дисциплиналарда сыйлыктардын өлчөмү бирдей: алтын - 4 000 доллар, күмүш - 3 000 доллар, коло - 2 000 доллар.
Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу 2022-жылы да Бишкек шаарында өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















