Агартуу министри Education Above All программасынын өкүлдөрү менен жолукту
4-6-ноябрда Катардын Доха шаарында өтүп жаткан Экинчи дүйнөлүк социалдык өнүктүрүү саммитине катышуунун алкагында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева глобалдык билим берүү программасы Education Above All уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, жолугушууда тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулашты. Кыргызстанда билим берүү багытындагы долбоорлорду EAA уюмунун колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү каралды. Программанын өкүлдөрү уюм ар кайсы өлкөлөрдө билим берүү демилгелерине финансылык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтөрүн, мында колдоо бала бакчадан тартып жаштардын кесиптик билим алышы жана андан аркы жумуш менен камсыздалышына чейин камтыларын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өзгөчө STEM багыттарында кыздарды жана аялдарды колдоо маселеси талкууланды. EAA бул багытка өзгөчө көңүл бурат жана STEM тармагында кыздардын үлүшүн жогорулатууну өзүнүн негизги артыкчылыктарынын бири катары карайт.
Тараптар Кыргызстанда биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча дагы да сүйлөшүүлөр болоорун белгилешти.
Эске салсак, Education Above All программасы 2012-жылы Шейха Моза бинт Нассердин демилгеси менен түзүлгөн. Программа дүйнөнүн 59дан ашык өлкөсүндө иш алып барат. Башкы миссиясы - билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоо жана социалдык жактан аз камсыз болгон балдар менен жаштарга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















