АКШдагы учак кырсыгы: 7 адамдын каза болгону айтылды (видео)
АКШнын Кентукки штатында UPS компаниясына тиешелүү MD-11 үлгүсүндөгү жүк учагы кырсыкка учурап, жети адам каза болду.
Штаттын губернатору Энди Беширдин айтымында, азыркы учурда жети адам каза болгон, анын ичинде үчөө экипаж мүчөлөрү. Жерде дагы 11 адам жаракат алган.
Кырсык 4-ноябрда, саат 17:15те учак Луисвилл эл аралык аэропортунан учуп чыккан учурда болгон. Кырсыктан кийин өрт чыгып, жалын аэропортко жакын жайгашкан өнөр жай аймактарына тараган. Reuters агенттигинин маалыматына караганда, аэропорттун иши түнү бою токтотулган.
Кентукки штатынын губернатору Энди Бешир каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, айрым жабыркагандардын абалы өтө оор.
WLKY телеканалы кырсыктын видеосун жарыялап, анда учактын учуп жаткан маалда бир канатынын күйүп жатканын көрүүгө болот. АКШнын Жарандык авиацияны жөнгө салуу башкармалыгынын маалыматы боюнча, бул MD-11 учагы 34 жыл эксплуатацияда болгон.
Boeing компаниясы кырсыктагандарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, тергөө иштерине техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин маалымдады.
АКШдагы учак кырсыгы: Каза болгондордун саны 7ге жетти
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















