Ошто УКМКнын кызматкерлери пара алган жактоочуну сот имаратынан кармап кетишти (видео)
Акча каражатын опузалап алуу фактысы боюнча Ош шаарынан жактоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, А.Г. аттуу жаран С.Н. аттуу жактоочуга карата чара көрүү үчүн УКМКга кайрылган. Анда жактоочу алдамчылык боюнча бир катар кылмыштарды жасаган арыз ээсине сот чечиминде пробация түрүндөгү жазаны же жашы жете элек баласы бар экендигине байланыштуу деген жазаны колдонуу менен жазык иши боюнча маселени оң жагына чечүүнү убадалаган. Ал үчүн 350 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан кылмыш иши козголуп, жактоочу 3-ноябрда Ош шаардык сотунун имаратынан акча каражатын алгандан кийин кармалды. Жеке тинтүүнүн жүрүшүндө жактоочу акчаны өз ыктыяры менен кайтарып берген.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















