Каир шаарында Садыр Жапаров Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолукту
Бүгүн, 5-ноябрда Каир шаарындагы "Аль-Иттихадия" президенттик сарайында өлкө президенти Садыр Жапаровдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаровду Египеттин президенти Абдель-Фаттах Ас-Сиси тосуп алды.
Саламдашуудан кийин ардактуу кароол ротасынын жана аскердик оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди. Андан соң салтанаттын жүрүшүндө эки мамлекеттин делегация мүчөлөрүнүн расмий таанышуусу жана сүрөткө түшүү аземи болду.
Салтанат аяктагандан кийин делегация башчылары сүйлөшүү залына бет алышты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















