super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу сунушталды

 

Казакстанда экинчи жубай алууга мыйзам түрүндө уруксат берүү керек. Мындай сунушту депутат Абзал Куспан айтып чыкканын казак басылмалары жазышты.

Депутат белгилегендей, мыйзам көп аял алууга тыюу салганы менен, көптөгөн бай эркектер буга карабай бир нече аял менен жашап жатышат.

"Эгер юридикалык жактан карасак, де-юре жана де-факто деген түшүнүктөр бар. Де-юре - бизде көп аял алуу мыйзамга каршы экенин билебиз. Формалдуу түрдө бул мыйзамсыз, бирок жоопкерчилик каралган эмес. Ал эми де-факто - көптөгөн эркектердин, жөнөкөй жарандардын да, аткаминерлердин да экинчи, үчүнчү, кээде төртүнчү аялдары бар",- деди депутат.

Абзал Куспандын айтымында, ал өзү көп аял алууга каршы, бирок азыркы учурда тыюу иш жүзүндө иштебей калды.

"Мен жеке өзүм буга каршы болушум мүмкүн, бирок андан эч нерсе өзгөрбөйт. Ошондуктан менин оюмча, токол алууну мыйзамдаштырып, укуктук жактан жөнгө салуу керек. Экинчи аял алууга расмий уруксат берүү зарыл. Антпесе, бул көрүнүш мыйзамды сыйлабаган абалга айланып баратат. Тыюу бар, бирок эч ким сактабайт",- деп кошумчалады ал.

Куспан көптөгөн эркектер, айрыкча диний ишенимдеги адамдар токол алуу идеясын колдой турганын билдирди. Бирок, ал белгилегендей, азыр бул көрүнүш үй-бүлөлүк баалуулуктан мурда жаш кыздар менен никеге турууга көбүрөөк окшошуп калган.

Белгилей кетсек, Казакстанда көп аял алуу мүмкүнчүлүгүн мурдагы президент Нурсултан Назарбаев да колдонгон. Анын үчүнчү жубайы Асел Курманбаева экөөнүн эки уулу бар экенин Назарбаев өзүнүн "Менин жашоом" аттуу мемуарында жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: