super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык курама коло медалга ээ болду 

 
Жасалма интеллект боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык курама коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, FAIO - 2025 экинчи эл аралык жасалма интеллект боюнча Fizmat AI Олимпиадасы Казакстанда өттү. Финалдык турга жети өлкөдөн, тагыраагы, Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кипрден 47 команда, 113 өкүл катышты.
Мелдеш эки тур боюнча өттү. Биринчи турда катышуучулар таблицалык (классикалык) машиналык окутуу, жасалма интеллект агенттерин түзүү жана аудио иштетүү боюнча үч маселени чечишти, ал эми экинчи турда компьютердик көрүм жана сунуштоочу системдер боюнча эки маселени карашты.
FAIO тапшырмаларын Google, Huawei, Beeline жана Freedom компанияларынын инженерлери иштеп чыгышкан.
Бул олимпиадада Кыргызстандын намысын эки команда коргоду:
1. "Маариф" мектеби: Матвей Низовский, Сабыр Алымбеков, Бекжан Рыспеков.
Жетекчилер: Элчибек кызы Кундуз, Артем Беляев.
2. №61 орто мектеп: Канат Курманбеков, Иса Боржоев, Эрлан Боронбаев.
Жетекчилер: Гүлнара Гадеева, Артем Беляев.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча "Маариф" командасы коло медалга ээ болду.
Белгилей кетсек, FAIO олимпиадасы Республикалык физика-математика мектеби тарабынан уюштурулган. Август айында Матвей Низовский IOAI Эл аралык жасалма интеллект олимпиадасында Кыргызстанга биринчи медалды алып келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: