Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди (видео)
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда мекеменин маалымат кызматы билдирди.Маалым болгондой, аталган ГЭСтин жалпы курулуш иштери 75 пайызга аяктады. Учурда суу алуучу дарбаза бетондолуп бүтүп, суу топтолушуна тоскоолдук жаратпасы текшерилип, узундугу 928 метрди түзгөн деривациялык тоннели казылып, анын 624 метри бетондолуп бүттү.
Энергетика министри курулуш өз мөөнөтүндө бүтүрүлүшү керектигин белгилеп, "Чакан ГЭС" ААКсынын башкы директору Шакир Саидовго курулуштун жүрүшүн катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
Эске салсак, Орто-Токой ГЭСинин кубаттуулугу 21 мегаватт. Болжол менен курулуш иштери 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында аяктайт.
Энергетика министри Орто-Токой ГЭСинин курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















