Кыргызстандагы айрым ЖОЖдор Азиядагы ТОП-500 университеттин катарына кирди
Эл аралык QS World University Rankings-2026 рейтингинин жыйынтыктары боюнча Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайлары Азиядагы алдыңкы ТОП-500 университеттин катарына кирди. Бул тууралуу Илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул рейтингди Quacquarelli Symonds эл аралык изилдөө тобу жыл сайын өткөрүп, жогорку билим берүүнүн сапатын баалоо боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү көрсөткүчтөрдүн бири катары таанылган.
QS рейтинги университеттерди бир катар критерийлер боюнча баалайт: академиялык кадыр-барк, илимий эмгектердин цитаталануусу, эл аралык кызматташтык, иш берүүчүлөр арасындагы аброю жана чет өлкөлүк студенттер менен окутуучулардын үлүшү.
QS World University Rankings-2026 рейтингинин жыйынтыктары боюнча:
- Кыргыз-Түрк "Манас" университети - Борбордук Азия боюнча 12-орун - Азия боюнча 230-орун;
- Борбордук Азиядагы Америка университети - Борбордук Азия боюнча 14-орун - Азия боюнча 262-орун;
- Ош мамлекеттик университети - Борбордук Азия боюнча 22-орун - Азия боюнча 316-орун;
- Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети - Борбордук Азия боюнча 25-орун - Азия боюнча 391-орун;
- Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети - Борбордук Азия боюнча 27-орун - Азия боюнча 450-орун;
- Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - Борбордук Азия боюнча 29-орун - Азия боюнча 467-орун.
Кыргыз университеттеринин QS рейтингинде орун алышы - бул жогорку билим берүү тармагындагы системдүү өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-05
20:52
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















