Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту
Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров Египетке болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен тет-а-тет форматында жолугушту.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулашты. Алар бул сапар кыргыз-мисир мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарына ишеним билдиришти.
Соңунда тараптар белгиленген тармактарда биргелешкен долбоорлорду активдүү илгерилетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.
Андан соң лидерлер кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр залына өтүштү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















