Канада АКШнын тарифтерине каршы 141 миллиард долларлык бюджет сунуштады
Канада өкмөтү АКШнын тарифтик саясатына жооп кылуу жана улуттук экономиканы колдоо максатында 141 миллиард канада долларын сарптоону камтыган жаңы бюджет долбоорун жарыялады. Бул тууралуу CBC News жазды.
Маалыматка ылайык, бул документти каржы министри Франсуа-Филипп Шампань парламентте премьер-министр Марк Карнинин өкмөтүнүн алгачкы бюджети катары тааныштырды.
АКШ президенти Дональд Трамптын тарифтери менен башталган "соода согушу" уланууда. Ошол шартта сунушталган бюджет долбоорунда келерки 5 жыл ичинде 141 миллиард долларлык өкмөттүк чыгымдар каралган. Каражат АКШнын тарифтеринен улам кыйынчылыкка кабылган жарандарды жана тармактарды колдоого, ошондой эле жергиликтүү экономиканы чыңдоого багытталмакчы.
Бюджет чыгымдарын тең салмакташ үчүн 51,2 миллиард доллар көлөмүндө кыскартуу жана үнөмдөө чаралары пландалууда. Ошондой эле коргонуу тармагына 5 жыл ичинде 81 миллиард доллар бөлүү, инфраструктуралык долбоорлорго 51 миллиард доллар кароо каралган. Документ парламенттен бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















