super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАГАТЭ: Иранда байытылган урандын чоң бөлүгү сакталып калган

 

Эл аралык атом энергиясы боюнча агенттиктин башчысы Рафаэль Гросси Financial Times гезитине билдиргендей, АКШнын соккуларынан кийин деле Иранда байытылган урандын чоң бөлүгү сакталып калган.

Гросси МАГАТЭ Иранда июнда Израил менен болгон куралдуу аракеттерден кийин онго жакын инспекция жүргүзгөн, бирок агенттикти Фордо, Натанз жана Исфахан сыяктуу АКШ тарабынан бомбалоого кабылган ядролук объекттерге киргизишкен эмес.

"Зыян чоң болду, бирок биздин баалоо боюнча, 60 пайызга, ошондой эле 20, 5 жана 2 пайыз деңгээлиндеги байытылган урандын чоң бөлүгү ошол жерде калды",- деди Гросси.

МАГАТЭ башчысы агенттик Иран менен мамилеси жакшы болбой жатканына карабай, өз милдеттемелерин аткарышы керек экенин кошумчалады.

Муну менен катар, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдиргендей, Иран бийлиги эми 60 пайызга чейин байытылган урандын канчасы соккулардан кийин сакталганын билбей турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: