super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Калкты тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталды (видео)

 

"Кызмат" мамлекеттик мекемесинин калкты тейлөө боборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталып, мекеменин кызматкери жана анын эки ортомчусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын маалымат борбру билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Биринчи Май райондук калкты тейлөө борборунун кызматкери Ж.Э., ортомчулар Д.Э. жана Д.К. менен алдын ала сүйлөшүп, мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн калкты тейлөө борборуна кайрылган жарандардан, анын ичинде чет элдиктерден мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу системин уюштурганы аныкталган.

"Белгиленген схемага ылайык, ортомчулар кардарларды таап, аларга документ иштерин тездетүүгө жардам сунушташкан жана кезек күтпөстөн кызматтарды мүмкүн болушунча тезирээк алууга кепилдик беришкен. Көрсөтүлгөн кызматтардын мүнөзүнө жараша 100 доллардан 10 миң долларга чейинки акчалай сыйлык талап кылышкан, андан кийин ал акча мыйзамсыз схеманын катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Ортомчулар КТБнын кызматкери Ж.Э. менен түзүлгөн кылмыштуу байланыштарды колдонуп, документтерди тапшыруу убактысын алдын ала макулдашып алышкан, бул документтерди кезек күтпөстөн кабыл алууга жана артыкчылыктуу негизде иштетүүгө мүмкүндүк берген",- деп белгиленет маалыматта.

Аталган жарандар кармалып, тергөө камак жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды, анын ичинде "Кызмат" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин жана ортомчуларды, ошондой эле ушул сыяктуу мыйзамсыз схемалардын башка уюштуруучуларын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.






Калкыт тейлөө борборунда мыйзамсыз каражат алуу схемасы аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: