Министр калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу иштерин көрдү
Бүгүн, 5-ноябрда энергетика министри Таалайбек Ибраев "Кыргызкөмүр" ААКсынын "Балыкчы" филиалына барып, базадагагы көмүрдүн учурдагы көлөмү, ЖЭБге убагында жеткирүү иштери менен жеринде таанышты.
Министр ал жерде калкка кесек көмүрдү арзан баада сатуу иштерин алып барууга уюштурулган отун базаларына үзгүлтүксүз көмүр жеткирүүнү камсыздап турууну тапшырды. Ошондой эле айдоочуларга кошумча штат ачып, күнү-түнү кезектешип, көмүр ташуу иштерин күчөтүүнү тапшырды.
“Кыргызкөмүр” тарабынан ушул жылдын башынан бүгүнкү күнүнө чейин 770 614 миң тонна көмүр казылып, 7,75 миллион метр куб кыртыш ачуу иштери жүргүзүлдү.
- Калкка 429855,6 тонна көмүр жеткирилди.
- ЖЭБге 475759,3 тонна көмүр жеткирилди.
Жалпы казылып алынган көмүрдүн көлөмү 905614,9 тоннаны түздү.
“Кыргызкөмүр” өлкө аймактарында жайгашкан 129 отун базалары менен келишимдер түзүлүп, иштер алып барылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:21
2025-11-05
20:52
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















