Эдил Байсалов Кыргызстандын ИДП көрсөткүчү адам башына карата үч эсе өскөнүн айтты
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында өткөн экинчи бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин пленардык дебаттарында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ал өз кайрылуусунда Кыргызстандын Доха саясий декларациясына берилгендигин ырастап, социалдык саясаттын үч түркүгүн – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук өнүгүү стратегиясынын негизи экенин баса белгилеген. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы мамлекеттик саясаттын борборуна адам капиталына – билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык коргоого инвестиция салууну коёрун билдирген.
Ал президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстан жан башына эсептегенде ИДП көрсөткүчүн дээрлик үч эсеге көбөйткөнүн, ал 2025-жылдын аягына карата болжол менен 3000 долларга жетерин баса белгилеген.
Саммиттин алкагында Эдил Байсалов БУУнун башкы катчысынын орун басары Ли Жунхуа, ЮНИСЕФтин аткаруучу директорунун орун басары Омар Абди, БУУӨП администраторунун жардамчысы Живкович, Мозамбик премьер-министри Леви, Иран президентинин социалдык өнүгүү боюнча кеңешчиси Али Рабии, Бразилиянын социалдык өнүгүү жана ачкачылыкка каршы күрөшүү министри Диас, Катар мамлекетинин тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Марьям бинт Али бин Насер Аль Миснад жана Катар өнүктүрүү фондунун башкы директору Фахад аль-Сулаити менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо, экология жана социалдык саясат тармактарында кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Эдил Байсалов эл аралык өнөктөштөргө улуттук реформаларды колдогону жана Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирген.
Саммиттин алкагында Кыргызстан "Адам капиталына инвестиция: Кыргызстандагы программалар жана ийгиликтүү тажрыйбалар" деген темада кошумча иш-чара уюштурган. Анын жүрүшүндө билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарында ишке ашырылып жаткан реформалардын негизги багыттары, ошондой эле адам капиталын мындан ары өнүктүрүү пландары көрсөтүлгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















