Өлкөдө угуусу бузулган бейтаптарга кохлеардык имплант коюу операциялары жасалды
Улуттук госпиталдын базасында Катар мамлекетинин адистери менен биргеликте кохлеардык имплант коюу операциялары ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, операциялар толугу менен акысыз негизде жасалды. Өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген жети чоң адам угуу жөндөмүн калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
"Операцияларды өткөрүү үчүн керектүү материалдарды Катар тарап камсыздады. Улуттук госпиталдын дарыгерлери катарлык кесиптештери менен биргеликте кохлеардык имплантация жаатында өз кесиптик чеберчилигин жогорулатып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту",- деп билдирди министрлик.
Маалымат үчүн: Кохлеардык имплантация - бул угуу жөндөмүн олуттуу деңгээлде жоготкон адамдардын угуусун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жогорку технологиялык хирургиялык ыкма.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















