ПСЖнын оюнчусу Дуэ Golden Boy сыйлыгын алды
ПСЖнын чабуулчусу Дезире Дуэ жыл сайын берилүүчү Golden Boy сыйлыгын жеңип алды.
Сыйлык Европанын 21 жашка чейинки мыкты оюнчусуна ыйгарылат. Бул тууралуу сыйлыкты негиздеген Tuttosport басылмасы билдирди.
Өткөн сезондо Дуэ ПСЖ менен Франциянын чемпиондугун, Франциянын Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип, 2024/25 сезонунда турнирдин эң мыкты жаш оюнчусу аталган. ПСЖ үчүн 61 оюнда 16 гол киргизип, 16 голдук пас берген. Ал ошондой эле 2024-жылы Париж Олимпиадасында күмүш, 2025-жылы Улуттар Лигасында коло байгени алган.
Golden Boy сыйлыгы 2003-жылы Tuttosport гезити тарабынан негизделген. Ал жыл сайын Европа лигасынын жогорку дивизионунда ойногон 21 жашка чейинки футболчуга ыйгарылат. 2024-жылы сыйлыкты "Барселонанын" испаниялык чабуулчусу Ламин Ямал алган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















