super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Каирде Садыр Жапаров Египет парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери менен жолугушту

 

Бүгүн, 5-ноябрда Каир шаарында өлкө башчы Садыр Жапаровдун Египет парламентинин өкүлдөр палатасынын спикери Ханафи Али Жебали менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушуунун башында спикер Египет парламентинин бир жарым кылымдан ашык тарыхы жөнүндө айтып берген. Андан соң тараптар парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү жана башка маселелерди талкуулашкан.

Ханафи Али Жебали Кыргызстандын президентинин эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи расмий сапарын жылуу тосуп алып, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо үчүн зор мааниге ээ экенин белгилеген. Ал Садыр Жапаровдун терең урматтоонун белгиси болгон Африка континентине биринчи сапарын Египеттен баштап жасаган чечимин жогору баалаган.

Өз кезегинде Садыр Жапаров жылуу кабыл алуу жана көрсөткөн меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирген. Ал Кыргызстан менен Египет элдеринин аралыгы алыс болгонуна карабастан, достук байланыштары жана жалпы руханий баалуулуктар бириктирип тураарын белгилеген. Президент ошондой эле достук боюнча депутаттык топторун түзүүнү, аны менен катар биргелешкен парламенттик форумдарды жана консультацияларды өткөрүүнү сунуштаган.

Өлкө башчы 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн билдирип, Мисир парламентинин өкүлдөрүн аларга эл аралык байкоочу катары катышууга чакырган. Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Ханафи Али Жебалини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө да чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: