Жогорку Соттун төрагасы судьялардын маянасынын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди
Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев судьялардын айлык акысы жемкорлукка барууну алдын алуу үчүн көтөрүлгөнүн айтты. Ал "Биринчи радиого" берген маегинде төмөн айлык акы сотторду чечим чыгарууда коррупцияга түртмөлөйт деген пикирин билдирди.
"Көбү эле "ай, соттордун айлыгы баланча, бирок алар дагы деле паракор" деп жатышат. Бирок коррупция менен күрөшүүнүн түздөн-түз биринчи багыты эмгек акысы болот. Эгер судьянын айлык акысы жетишсиз болсо, анда ал кандайдыр бир кылмыштуу бүтүмдөргө барат да", - деди ал.
Сатыев судьяларды эми калыс чечим чыгарууга чакырып, алдыда сот аппаратынын кызматкерлеринин да айлык акысын көтөрүү каралып жатканын билдирди.
Эске салсак, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Оштун Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда соттордун айлык акысы көтөрүлгөнүн билдирди.
Анын айтымында, райондук судьялар 300 миң, облустук судьялар 400 миң сом, Жогорку Соттогулар 450 миң сомдон алышат.
Жогорку соттун төрагасы судьялардын маянасынын көтөрүлүшү боюнча түшүндүрмө берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















