Келерки жылы Каир шаарында Кыргызстандын элчилиги ачылат
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-ноябрда Египеттин тышкы иштер министри Бадр Абделатти менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.Маалым болгондой, тараптар анда саясий диалогду чыңдоо, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Кыргызстан 2026-жылы Каир шаарында элчилик ачуу чечимин кабыл алганы айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн виза талаптарын жоюу боюнча келишимге кол коюлду. Тараптар достук мамилени бекемдөөгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:12
2025-11-05
14:32
2025-11-05
10:57
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















