super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айдоочуларды 14 айга чейин окутуунун себеби эмнеде?

 

Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов "Ала-Тоо 24" телеканалынын түз эфиринде өлкөдө жол кырсыгы боюнча көрсөткүч өсүп жатканын айтып, айдоочуларды окутуу тармагы реформага муктаж экенин билдирди.

Ал азыркы учурда жарандар айдоочулукка 2,5 ай гана окушарын белгилеп, бул аралыкта көп нерсени үйрөнүүгө жетишишпей жатканын айтты.

"2,5 айда болгону 10-12 гана сабак болот экен. Анда адам болгону унаага отуруп, алдын карап, алдыга жана артка айдаганды гана үйрөнөт экен. Биз болсо айдоочулукка окутууну өзгөртөлү деп жатабыз. Жок дегенде 1-2 ай унаанын түзүлүшү жөнүндө окутабыз. Эң эле жөнөкөйү унаанын дөңгөлөгү жарылып калса, аны алмаштырышты билишпейт. Себеби 2,5 айлык окууда муну үйрөтпөйт", - деди Салимжанов.

Айта кетсек, кийинки жылдан баштап айдоочулукка окуу 14 айга созулмакчы.






Айдоочуларды 14 айга чейин окутуунун себеби эмнеде?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: