Каирде Садыр Жапаровдун жана Египеттин премьер-министринин катышуусунда бизнес-форум өттү
Бүгүн, 5-ноябрда Каир шаарында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбулинин жана ал өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда биринчи жолу кыргыз-египет бизнес-форуму болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушуу Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын алкагында өткөрүлдү. Премьер-министр Мустафа Мадбули кыргыз делегациясын тосуп алып, Садыр Жапаровдун сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөдө маанилүү баскыч болоруна ишеним билдирген. Ал жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган келишимдер эки өлкөнүн мамилесин жаңы сапаттык деңгээлге чыгарарын баса белгиледи.
Өз кезегинде Садыр Жапаров Кыргызстан Египет менен ар тараптуу алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экенин ырастады.
“Бүгүн биз элдерибизге олуттуу пайда алып келе турган узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн пайдубалын түзүп жатабыз”, - деди мамлекет башчысы.
Ошондой эле ал Кыргызстандын санариптик финансылык инструменттерди киргизүү жана виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү боюнча чаралары тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышын белгилеп, ал эл аралык каттамдар менен байланышып, Азия, Европа жана Африканын ортосунда жаңы альтернативдүү соода жолдорун түзөрүн айтты.
Ошондой эле Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү катары Египет менен Евразия экономикалык биримдигинин ортосунда эркин соода аймагы жөнүндө макулдашууга жетишүү боюнча жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү колдой турганын белгиледи. Садыр Жапаров египеттик ишкерлерди Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жана инвестициялык потенциалы менен таанышуу үчүн өлкөгө келүүгө чакырды.
Андан соң өлкөнүн экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Египеттин инвестициялар жана тышкы соода министри Хасан Аль-Хатеб эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттары жөнүндө кыскача баяндама жасашты. Мындан тышкары форумда эки өлкөнүн экономикасынын негизги багыттарын жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле энергетика, өнөр жай, айыл чарба, транспорт жана санарип экономикасы тармактарындагы келечектүү долбоорлорду көрсөткөн видео презентациялар тартууланды.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















