super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мамлекет айдоочулукка окутууда кандай өзгөртүүлөрдү киргизип жатат?

 

Бүгүн, 5-ноябрда Президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери айдоочулукка окутууда киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Анда президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев аталган реформа өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жатканын билдирди. Туманбаевдин айтымында, эми айдоочулукка окутуу мөөнөтү кийинки жылдан баштап 14 айга узартылып, жеке менчик унаа мектептери мамлекеттин башкаруусуна өтөт.

Президенттин иш башкаруучусунун орун басары Бообек Салимжанов өлкөдө жол кырсыгы боюнча көрсөткүч өсүп жатканын айтып, айдоочуларды окутуу тармагы реформага муктаж экенин белгиледи.

"2,5 айда болгону 10-12 гана сабак болот экен. Анда адам болгону унаага отуруп, алдын карап, алдыга жана артка айдаганды гана үйрөнөт экен. Биз болсо айдоочулукка окутууну өзгөртөлү деп жатабыз. Жок дегенде 1-2 ай унаанын түзүлүшү жөнүндө окутабыз. Эң эле жөнөкөйү унаанын дөңгөлөгү жарылып калса, аны алмаштырышты билишпейт. Себеби, 2,5 айлык окууда муну үйрөтпөйт", - деди Салимжанов.

Ошондой эле ал бул жаатта айдоочулук этика сабагы да кирерин билдирди.

"Эмне үчүн биз окуу мөөнөтүн 1 жыл 2 айга чейин узарталы деп жатабыз? Бул аралыкта болгон унаанын түзүлүшү, аны айдоо жөнүндө, этикасы жөнүндө окутабыз. Бүгүнкү күндө бизде айдоочулук этика жок! Тыгында турсаң сөгүнөт, артынан кууп барып урушат, мушташат. Ушуну баары айдоочулук этиканын жоктугунан улам болуп жатат", - деди Салимжанов.

Каныбек Туманбаев 2026-жылдын январь айынан тарта эски үлгүдөгү бардык мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү жаңысына алмаштыруу керектигин билдирди. Ал алмаштыруу акысыз болорун жана жарандар ал үчүн эч кандай экзамен тапшырбастыгын тактады. Туманбаев ошондой эле реформанын алкагында кийинки жылдан тарта 11-класстын окуучуларына айдоочулукту үйрөтүү сабагы киргизилерин айтты.

Мындан тышкары маалымат жыйында учурда жеке унаа мектептерде окуп жаткандар сынакты тапшырса айдоочулук күбөлүк берилери, эгер өтпөй калышса жаңы кабыл алынган мыйзамдын чегинде алышы керек болору айтылды.

Туманбаев 14 айлык окуунун баасы азыркыдан көп болбой турганын, жакында тарифтер коюларын, коюлганда ачык маалымат берилерин айтты. Андан сырткары ал мамлекет айдоочулукка окуу тармагына көңүл буруп жатканын белгилеп, анын алкагында Бишкекте 10 гектар жерге автодром куруларын,жаңы унаалар алынарын билдирди.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: