Чүйдө TikTok үчүн талааны өрттөгөн жигит жоопко тартылды (видео)
Чүй облусунда өрт менен жазуу кылып, TikTok баракчасына чыгарган жаран аныкталып, камалды. Бул тууралуу аймактык милициядан билдиришти.Маалым болгондой, окуя 5-ноябрда болгон. Анда Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагына караштуу Сүймөнкул Чокморов айылындагы талаада белгисиз жарандар жер бетин өрттөп, “Мелстрой” деген жазууну чыгарышкан. Бул көрүнүш видеого тартылып, TikTok социалдык түйүнүнө жайгаштырылган. Видео коомчулуктун ар түрдүү пикирлерин жаратты.
Бул факт боюнча териштирүү иштери башталып, натыйжада Бишкек шаарынын 2001-жылы туулган О.Н. аттуу тургуну аныкталды. Тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чүйдө TikTok үчүн талааны өрттөгөн жигит жоопко тартылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:17
2025-11-05
13:42
2025-11-05
10:34
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















