Эл артисти Замир Сооронбаев 70 жашта. Бишкекте театралдык жумалык башталды (видео)
Кечээ, 5-ноябрда Бишкекте Кыргыз улуттук драма театрында эл артисти, режиссёр Замир Сооронбаевдин 70 жылдыгына арналган театралдык жумалык башталды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.Жумалыктын ачылышына министрдин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Сооронбаевдин санаалаштары жана кесиптештери катышты. Иш-чара Рыскулов атындагы Нарын облусттук академиялык музыкалуу драма театрынын "Сүйүү арманы" спектакли менен башталды.
Театралдык жумалыктын алкагында республиканын ар кайсы аймактарынан спектаклдер келген. Алар:
6-ноябрда – Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрынын "Семетейчи Сейдене" спектакли;
7-ноябрда – А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын "Өксүгү күчтүү өмүр" спектакли;
8-ноябрда – Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын “Курманжан датка" спектакли менен театралдык жумалык салтанаттуу жабылат.
Эл артисти Замир Сооронбаев 70 жашта. Бишкекте театралдык жумалык башталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















