Эки министрликтин Бишкектеги филиалдарында коррупциялык схема ачыкталды (видео)
УКМК Курулуш жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтериндеги коррупциялык схеманын бетин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда мекеменин маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, Курулуш министрлигинин Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөлү башкармалыгынын инспектору А.Т. жана Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча ӨККБнын улук инспектору С.М. өз ара сүйлөшүп алып, борбордогу тигүү цехинин пайдаланууга берүү актысын макулдашуу жана кол коюу мөөнөтүн атайылап создуктурушуп, натыйжада А.Т. тиешелүү актыга кол койгондугу үчүн ишкерден 2 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап алган.
Өз кезегинде С.М. кол койгондугу үчүн мобилдик тиркемесине 27 миң сом акча каражатын которууну талап кылган.
Топтолгон материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (опузалап пара алуу) кылмыш иши козголуп, эки мамлекеттик кызматкер тең кармалды. Алар тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.
Курулуш жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Бишкектеги филиалдарында коррупциялык схема ачыкталды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















