АКШ Minuteman III ракетасын сыноодон өткөрдү
Калифорния штатындагы "Ванденберг" аттуу Космос күчтөрүнүн базасынын маалыматына караганда, АКШ Minuteman III аттуу континенттер аралык баллистикалык ракетаны сыноо үчүн учуруп көрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Сыноо тууралуу бир күн мурда эле кабар берилген. Маалыматта айтылгандай, бул учуруу АКШнын улуттук коргонуу системасынын негизги бөлүгү болуп саналган МБР системасынын ишенимдүүлүгүн, операциялык даярдыгын жана тактыгын баалоого мүмкүнчүлүк берди.
АКШ мындай сыноолорду жыл ичинде бир нече жолу өткөрүп турат. Бирок бул жолу ракета учуруу өзгөчө көңүл бурууга себеп болду. Себеби жакында президент Дональд Трамп ядролук сыноолордун кайра жанданганы тууралуу билдирүү жасап, дүйнө коомчулугунун талкуусун жараткан. Ал муну так түшүндүргөн эмес жана өз сөзүнүн маанисин толук чечмелеп берген эмес.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















