super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Анжелина Жоли экинчи ирет Украинага барды

 

Анжелина Жолинин Херсон шаарында жүргөн сүрөтү тарады. Украинанын "Суспильне" басылмасынын маалыматына караганда, ал Херсонго гуманитардык миссия менен келген болушу мүмкүн.

2022-жылы Анжелина Жоли ушундай эле максат менен Украинанын батышындагы Львов шаарына да барып келген.

Шаардык кеңештин мурдагы депутаты Виталий Богданов актриса менен түшкөн сүрөттөрдү жарыялаган.

"РБК Украина" жазгандай, актриса жергиликтүү ооруканага барып, бейтаптар жаткан шарттарды көрүп чыккан. Ошондой эле дарыгерлер жана төрөт бөлүмүндө жаткан аялдар менен сүйлөшкөн. Бирок бул маалыматты расмий булактар азырынча тастыктай элек.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөргө караганда, Николаев облусунда Жолинин кортежи блокпостто токтотулган. Анын бир жан сакчысынын документтеринде көйгөй жаралып, Улуттук гвардия кызматкерлери аны аскердик каттоо борборуна алып барышкан. Айтылгандай, актриса өзү жеке кийлигишип, жан сакчысын бошотууга жетишкен. Бирок бул маалыматты да расмий тараптар тастыкташа элек.

Анжелина Жоли 2001-жылдан 2012-жылга чейин БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгында элчи болгон. Ал эми 2012–2022-жылдары ошол эле уюмда атайын өкүл болуп иштеген.

2022-жылдын аягында актриса бул кызматты өз ыктыяры менен таштап, эми качкындарга жана жапа чеккендерге түздөн-түз, жергиликтүү уюмдар менен кызматташуу аркылуу жардам көрсөтүү жолун тандаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: