super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Садыр Жапаров Египеттен АКШга учуп кетти 

 

Президент Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 5-ноябрда өлкө башчы АКШнын Вашингтон шаарына учуп кеткен.

Садыр Жапаров расмий сапардын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугушуу аземин өткөргөн. Анда мамлекет башчылары бул сапар эки өлкөнүн мамилелерине жаңы дем берип, кызматташтыкты сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгараарына ишеним билдиришкен.

Андан ары лидерлер кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Кыргыз-египет кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки тарапты кызыктырган башка маселелер талкууланган. Эки мамлекеттин башчылары өз ара мамилелердин оң динамикасына канааттануу билдиришип, аларга жаңы дем берүүгө даярдыктарын баса белгилешти. Жапаров Эгемендүүлүк алгандан ушул кезге чейин Африка континентине жогорку жетекчиликтин сапарлары жасалбаганын белгилеп өткөн.

"Президент Садыр Жапаровдун Египетке болгон расмий сапарынын жыйынтыгында кыргыз-мисир биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган 8 эки тараптуу документке кол коюлду", - деп жазылган маалыматта.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров расмий сапардын маданий программасынын алкагында атактуу Гиза пирамидаларынын комплексине жана Чоң Мисир музейине барды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: