Таалайбек Далбаев: "Бишкекте 25 миң абонент газсыз калды"
Бишкек шаарында 25 миң абонент газсыз калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын газ башкармалыгынын башчысы Таалайбек Далбаев билдирди. "Казакстан тараптан газга чектөө киргизилгенден бери Бишкектин төмөн жагында жаратылыш газын берүү токтотулду. Ошондой эле Бишкектин ЖЭБине дагы газ берүү токтотулуп, жалпысынан 25 миң абонент газсыз калды. Ал эми көп кабаттуу үйлөрдө газ токтотула элек" - деди Таалайбек Далбаев. Эске салсак, "КазТрансГаз" 14-декабрь күнү Кыргызстандын түндүк аймагына газ берүүнү 30 миң метр кубга чейин кыскарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

