АКШнын 40 аэропортунда учуу сыйымдуулугун 10 пайызга кыскартат
АКШнын Транспорт министри Шон Даффи өкмөттүн ишинин токтоп турушуна байланыштуу аба кыймылын көзөмөлдөгөн диспетчерлерге түшүп жаткан басымды азайтуу үчүн өлкөдөгү 40 аэропортто учуу сыйымдуулугу 10 пайызга кыскартыларын билдирди. Министр бул чаралар эртең, 7-ноябрь таң эртең менен күчүнө кирерин айтты.
Даффинин айтымында, өкмөттүн иши токтогондуктан диспетчерлер жана Транспорт министрлигинин көпчүлүк кызматкерлери маяна албай жатышат. Кээ бир кызматкерлер каржылык кыйынчылыктан улам кошумча жумуш издөөгө мажбур болуп, аба мейкиндигинде кадр тартыштыгы, учууларда кечигүүлөр жана жокко чыгаруу учурлары көбөйгөн.
Министр "коопсуз сапарды камсыз кылуу" негизги максат бойдон каларын белгилеп, улуттук аба мейкиндигиндеги тобокелдиктерди азайтуу үчүн кошумча чаралар көрүлөрүн билдирди. Ал эми АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын жетекчиси Брайан Бедфорд диспетчерлерге түшүп жаткан басымды азайтуу үчүн учуу сыйымдуулугун кыскартуу зарыл чечим экенин айтты.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















