Чемпиондор Лигасы: Казакстандын "Кайрат" клубу италиялык "Интерге" жеңилип калды (видео)
5-ноябрдан 6-ноябрга караган түнү Миланда Чемпиондор Лигасынын негизги баскычындагы төртүнчү турдун алкагында өткөн оюнда "Кайрат" клубу италиялык "Интерге" 1:2 эсебинде жеңилип калды. Казакстандык клуб жеңилип калганына карабастан, бул беттеш "Кайраттын" быйылкы Чемпиондор Лигасындагы эң мыкты оюну деп бааланууда.
Биринчи голду "Интердин" аргентиналык чабуулчусу Лаутаро Мартинес оюндун 45-мүнөтүндө киргизди. Экинчи таймда казакстандык клуб бурчтан топ ойнотуп, "Кайраттын" коргоочусу Офри Арад италиялыктардын дарбазасына гол киргизүүгө жетишти. Бирок 67-мүнөттө Карлос Аугусто да бир гол киргизип, эсеп "Интердин" пайдасына чечилди.
Төрт оюндан кийин "Кайрат" клубу бир гана упай топтоду. Ал упай кипрдик "Пафос" клубу менен болгон беттеште 0:0 эсебинде тең чыгуу менен алынган. Ал эми "Интер" төрт оюндан кийин 12 упай менен топтун лидерлигин сактап турат.
"Кайраттын" кийинки беттеши 26-ноябрда Даниянын "Копенгаген" клубуна каршы өтөт.
Чемпиондор Лигасы: Казакстандын "Кайрат" клубу италиялык "Интерге" жеңилип калды
0

Супер-Инфо
super.kg видео















