Бишкекте "Антикино" аталышындагы рейддер күчөтүлдү (видео)
Бишкек шаарындагы Ленин районунун ички иштер башкармалыгы өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алардын мыйзамсыз жүрүшүн алдын алуу максатында "Антикино" аттуу профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда аймактык милициядан билдиришти.
Рейд учурунда район аймагындагы “Антикино” залдары текшерилип, жашы жете электердин катышуусу аныкталган жок. Ошол эле учурда саат 22:00дөн кийин чоңдордун коштоосуз коомдук жайларда жүргөн 15 өспүрүм кармалып, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, 5 бала милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштешкен бөлүмүнө өткөрүлүп, 10 өспүрүм ата-энелерине тапшырылды. Мындан тышкары 4 ата-энеге административдик протокол түзүлдү.
Ленин РИИБи ата-энелерди балдарынын коопсуздугуна көңүл бурууга жана түнкү убакта көзөмөлсүз жүрүүгө жол бербөөгө чакырат. Милиция өспүрүмдөрдүн укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.
Бишкекте "Антикино" аталышындагы рейддер күчөтүлдү
0

Супер-Инфо
super.kg видео















