super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Изилдөө: Эркек жана аял мээлеринде жүздөгөн ген ар башкача иштейт

 

Жаңы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгында эркек жана аял мээлеринде жүздөгөн гендер ар башкача иштээри аныкталды. Изилдөө The Conversation аркылуу жарыяланды.

Оксфорддогу La Trobe университетинин профессору Женни Грейвстин айтымында, эркек (XY) жана аял (XX) мээлеринде гендердин активдүүлүгү олуттуу деңгээлде айырмаланат.

Адистер бул айырмачылыктар гормондордон гана эмес, түздөн-түз генетикалык факторлордон келип чыгарын жана түйүлдүктүн алгачкы өнүгүү этабында эле башталарын айтышат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдардын мээлеринде нейрондорго байланышкан гендер, ал эми эркектерде клетка кабыгы жана өзөк түзүлүштөрүнө тиешелүү гендер активдүү.

Гендердин иштешиндеги бул айырмачылыктар айрым оорулардын жыныска жараша ар башкача кездешишин түшүндүрөт. Мисалы, Альцгеймер оорусуна байланышкан гендер аялдарда активдүү болуп, бул дарт аларда эки эсе көп катталат. Ал эми эркектерге мүнөздүү SRY гени Паркинсон оорусунун өнүгүшүн тездетиши мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: