super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

БШК Мирлан Нурбаевди шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты. Себеби

 
Борбордук шайлоо комиссиясы 5-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №5 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Мирлан Нурбаевди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.
Маалыматка ылайык, Нурбаев шайлоого катышуу жөнүндө арызын 30-октябрда БШКга тапшырган.
Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин маалымкаттарына ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан жүргүзүлгөн кошумча текшерүүнүн натыйжасында Нурбаев “Араван Зекет” диний кайрымдуулук фондунун директору, “Ас-Сафа” диний кайрымдуулук фондунун өкүлү катары көп жылдан бери жигердүү диний ишмердүүлүк менен алектенгендиги аныкталган.
БШКнын ушул жылдын 26-сентябрындагы токтому менен бекитилген №61 формага жана диний ишмерлер үчүн чектөөлөрдү сактоо жөнүндө декларацияга ылайык, Нурбаев өзүн “диний ишмер эмесмин” деп билдирген.
5-ноябрда өткөн Жумушчу топтун отурумуна Нурбаев катышкан. Шайлоо мыйзамына ылайык, диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.
Жумушчу топ Нурбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө сунуш берген. БШК аталган сунушту канааттандырды.
Белгилей кетсек, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрына белгиленген. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: