super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БУУ талибдердин учурунда гуманитардык уюмдардагы аял кызматкерлердин санын көбөйттү

 

Бириккен улуттар уюму талибдердин режими учурунда гуманитардык уюмдардагы аял кызматкерлердин санын көбөйттү. Бул тууралуу Орусиянын "РИА Новости" басылмасы жазган.

Андагы маалымат боюнча, Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликке келгенден кийин БУУ өлкө аймагында иштеген аялдардын санын көбөйтүүгө жетишти. Азыр алар жалпы кызматкерлердин төрттөн бир бөлүгүн түзөт. Бирок жакында талибдер аял кызматкерлерге кеңседен иштөөгө тыюу салышкан.

Ооганстандагы гуманитардык координатор Индрика Ратватте "РИА Новости" агенттигине берген маегинде, Ооганстандын салттарына ылайык, акыркы 50 жыл ичинде эркектердин саны аялдарга караганда бир нече эсе көп экенин билдирген.

"2021-жылы талибдер бийликке келгенден кийин БУУ аялдарды ишке тартуу боюнча атайын аракеттерди көрүп, алардын үлүшүн мурдагы 17–18 пайыздан 25 пайызга чейин жогорулата алган. Талибдердин аялдардын кеңседен иштөөсүнө тыюу салуу боюнча жаңы чечими бизге олуттуу тоскоолдук жаратууда. Себеби аял кызматкерлер калктын аял бөлүгү менен иштөөдө маанилүү роль ойнойт", - деген Индрика Ратватте.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: