super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Чын дилимден ыраазымын". Ырчы Алина Жетигенова 61 жашка толду

 

Бүгүн, 6-ноябрь Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Алина Жетигенованын туулган күнү. Ал бул жылы 61 жашка толду. Ырчы айымдын өздүк майрамын куттуктагандардын катарын SUPER.KG порталы дагы толуктап, каалоо-тилектерибизди айтып, бүгүнкү күндү кимдердин курчоосунда белгилерине кызыгып көрдүк.

- Саламатсызбы, Алина айым? Өздүк майрамыңыз кут болсун! Айтсаңыз, бүгүн биринчилерден болуп сизди ким куттуктады?

- Саламатсыздарбы! Чоң рахмат! Мен азыр Москвада болгондуктан Кыргызстан менен 3 саат айырма бар. Саат 9да мага Бишкектен куттуктоолор келе баштады. Сиңдим Назира Жетигенова, иним Нурлан Намазбеков, келиним Алина, балдарым, кызым, кайын сиңдим Сүйүн жана башка жакындарым биринчилерден болуп куттукташты. А Москвадагы досторум саат 12де куттукташты. Өзүмдүн жеке вокал классымдагы 2-курстагы окуучуларым болсо сонун сөздөрү менен куттукташты.

- Эң сонун! Эсте калган туулган күндүк белегиңизди эстесеңиз. Эмне жана ким берди эле?

- Жыл сайын эң сонун белектерди алам. Ар бир белек мен үчүн кымбат жана баалуу.

- ⁠Өзгөчө тоскон өздүк майрамыңыз жөнүндө айта кетесизби?

- Ар бир туулган күнүм өзүнчө өзгөчө өтөт. Былтыр да Москвада жакындарым менен өткөрдүм. Алыс жакта, бирок көп жакын тууган, дос, жердеш жана окуучулар менен тосуп, Бишкектен жана башка өлкөлөрдөн видео куттуктоолор болду. Быйыл да жакындарым менен Москвада болом. Мекениңден, үйүңдөн алыс болуп, куса болгон үчүн өзгөчөсү ошондо го дейм. Калганы баары эң сонун.

- Өздүк майрамды белгилөө боюнча коом экиге бөлүнөт. Айрымдары жашоого келген күнүм деп кубанышса, кээ бирлери белгилегенди жактырышпайт. Сиз кайсынысына киресиз?

- Мен жашоого келген күнүм деп дайыма кубанам жана атам менен энеме терең, чын дилимден дайым ыраазымын.

- Сонун! Дагы бир жолу туулган күнүңүз менен куттуктайбыз, сизге чыгармачылык ийгиликтерди жана бекем ден соолук каалайбыз! Убакыт бөлүп маек бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Эске салсак, ырчы айым 1964-жылы Таластын Арал аттуу айылында төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң филармониянын алдындагы эстрадалык студияга кирген. Окуп жүргөндө Асылбек Рысалиевдин "Жетиген" тобунда ырчы болуп, "Бозойго" аттуу ыры менен Алина деген аты эл оозуна алынган. Окууну аяктагандан кийин филармониядагы "Ариет" деген топто иштеп, кийин ал топ чачырап кеткенде "Таазим" тобуна кирген. Ал убакта ырчынын "Дасторкон", "Апама кат" деген ырлары хит болгон.

1991-жылы Тарас Асанакуновдун уюштуруусу менен "Роза гүлү" аттуу эстрадалык топ ачылып, Алина Жетигенова Расул Маматкулов, Айчүрөк Иманалиева, Динара Акулова менен биргеликте иштеп калган. Ырчынын аткаруусундагы сөзү Асан Жакшылыковго, обону Тарас Асанакуновго таандык "Кыздын сыры" деген ыры ошол убакта чыккан. Бир аз убакыттан кийин топ жабылып, ырчылар өз өзүнчө "Айчүрөк", "Динара", "Алина" деген топторду ачышкан.

Репертуарындагы популярдуу ырлары: "Дасторкон", "Апама кат", "Кыздын сыры", "Арген", "Ал мен эмес", "Жаз" жана башка.

2011-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: