super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Жер сулуусу - 2025" сынагынын жеңүүчүсү аныкталды (фото)

 

2025-жылдын "Жер сулуусу" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Чехиянын жараны 21 жаштагы модель Натали Пушкинова болду.

Сынак 5-ноябрда Филиппиндин борбору Манилада өткөрүлдү.

"Жер Абасы сулуусу" наамына Исландиядан Соллис Вала Иварсдоттир, "Жер Суу сулуусу" Вьетнамдан Чинь Ми Ань жана "Жер От сулуусу" наамына таиланддык Вари Нгамкхам ээ болду.

Аталган сынакка жалпысынан 79 кыз катышкан.

Натали Пушкинова Прага шаарда жашайт жана Карл университетинде Маркетингдик коммуникациялар жана коомчулук менен байланыш багыты боюнча билим алат. Ал модель болуп иштейт жана Vogue журналында тажрыйба топтогон.

"Жер сулуусу" сынагы – "Дүйнө сулуусу" жана "Универсум сулуусу" сыяктуу дүйнөдөгү ири сулуулук сынактарынын бири болуп саналат. Ал 2001-жылдан бери өткөрүлүп келет жана экология боюнча маалыматты жогорулатууга багытталган. Жеңүүчүлөр келечекте дүйнө жүзү боюнча экологияны коргоо боюнча элчи катары иш алып барышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: