АКШда жүк ташуучу учак кырсыгында каза тапкандардын саны 12ге жетти
АКШнын Луисвилл аэропортунда UPS компаниясына таандык MD-11 жүк учагы кулаган кырсыктан каза тапкандардын саны 12ге жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, дагы бир нече адам дайынсыз болууда, аларды издөө иштери улантылууда. 11 адам ооруканада дарыланууда. Кырсык болгон жерде учактын “кара кутусу” табылган, аларды Вашингтондогу лабораторияга иликтөө үчүн жөнөтүшөт. Учурда Луисвилл аэропорту ишин улантууда.
Эске салсак, авиакырсык 4-ноябрда болгон. Жүк учагы учуу учурунда сол канаты күйүп, бир кыймылдаткычы чыгып кеткен. Андан кийин учак учуу зонасынын тосмосунан чыгып, өнөр жай аймагына кулаган. Өрт жакын жайгашкан имараттарга, анын ичинде мунайды кайра иштетүү заводуна жеткен.
Кулаган учактын модели 2000-жылдан бери чыгарылган эмес, ал эми 2014-жылдан бери жүргүнчүлөрдү ташыбай калган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















