super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жерде кайрадан магниттик бороон башталды

 

Жер бетинде G1 класстагы алсыз магниттик бороон башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Адистер билдиргендей, буга акыркы убактагы күндүн жаркырап жарылышы себеп болгон. Түн ортосунда магниттик активдүүлүк орто деңгээлге (G2) жетсе, эртең менен ал алсыз деңгээлге (G1) төмөндөгөн.

Маалым болгондой, геомагниттик туруксуздук бейшемби күнү толук сакталат. Бул учурда алсыз жана орто күчтөгү бороондор кыска мөөнөт сайын кайталанышы мүмкүн. Адистердин айтымында, эң жогорку активдүүлүк 7-ноябрда болушу мүмкүн, анткени бул күнү Жерге күн плазмасынын агымы жетет. Ошол күнү күчтүү (G3) жана өтө күчтүү (G4) магниттик бороондор болушу ыктымал.

Ал эми жекшемби күнү Жердин магниттик талаасы кайра калыбына келери айтылды. Эске салсак, 4-ноябрда Күндө M3.5 класстагы жарылуу болгон, ал болжол менен 25 мүнөткө созулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: