super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кыргызстандан Сирияга 150 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү (сүрөттөр)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен сирия элине 150 тоннадан ашык гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жардам Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Түркиянын компетенттүү органдарынын жардамы менен жөнөтүлгөн.

"Атайын өнөктүктүн алкагында Сирия тарапка керектүү азык-түлүк товарлары (ун, күрүч, кумшекер, өсүмдүк майы жана башка) жеткирилди. Бул гуманитардык акция мамлекет башчысынын жана кыргыз элинин тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого жана муктаж болгон өлкөлөргө гуманитардык колдоо көрсөтүүгө болгон берилгендигин тастыктады", - деп жазылган маалыматта.

Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү Сириянын президенти Ахмед Хуссейн аш-Шараанын жана сирия элинин атынан Кыргыз Республикасынын президентине жана элине ыраазычылык билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: