Кыргызстандык команда эл аралык олимпиадада коло медаль алды
FAIO-2025 экинчи эл аралык жасалма интеллект боюнча Fizmat AI олимпиадасында кыргызстандык команда коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирет.Белгилүү болгондой, олимпиада Казакстанда өттү. Финалдык турга жети өлкөдөн — Казакстан, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Армения, Тажикстан жана Кипрден 47 команда, 113 өкүл катышты.
Мелдештин биринчи турунда катышуучулар таблицалык (классикалык) машиналык окутуу, жасалма интеллект агенттерин түзүү жана аудио иштетүү боюнча үч маселени чечишти. Ал эми экинчи турда компьютердик көрүм жана сунуштоочу системалар боюнча эки маселени карашты.
FAIO тапшырмаларын Google, Huawei, Beeline жана Freedom компанияларынын инженерлери иштеп чыгышкан.
Бул олимпиадада Кыргызстандын намысын эки команда коргоду:
1. "Маариф" окутуу комплекси: Матвей Низовский, Сабыр Алымбеков, Бекжан Рыспеков.
Жетекчилер: Элчибек кызы Кундуз, Артем Беляев.
2. №61 орто мектеп: Канат Курманбеков, Иса Боржоев, Эрлан Боронбаев.
Жетекчилер: Гүлнара Гадеева, Артем Беляев.
Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча "Маариф" командасы коло медалга ээ болду.
Маалымат үчүн: FAIO олимпиадасы Республикалык физика-математика мектеби тарабынан уюштурулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















