super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Трамп: "Менимче, Мамдани мага жакшы мамиле кылышы керек"

 

АКШ президенти Дональд Трамп Нью-Йорктун жаңы мэри болуп шайланган Зохран Мамдани тууралуу пикирин билдирди. Ал Fox News телеканалына маек куруп, Мамданинин өзүнө карата "өтө ачуулуу" сүйлөгөнүн айтып, "менимче, ал мага жакшы мамиле кылышы керек, анткени ага тиешелүү көп нерсени мен бекитем, бул жакшы башталыш болгон жок" деди.

Трамп Мамданинин "бизге жетүү үчүн баарыбызды ашып өтүшүң керек болот" деген сөзүн "кооптуу билдирүү" деп баалап, жаңы мэрди "урмат көрсөтүүгө" чакырды.

"Мен анын ийгиликке жетишин каалайм, анткени Нью-Йорк шаарын жакшы көрөм", - деп кошумчалады ал.

Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, 34 жаштагы Угандада төрөлгөн Мамдани – АКШнын эң ири шаарынын тарыхында акыркы жүз жылда шайланган эң жаш жана алгачкы мусулман мэр болду. CBS News агенттигинин маалыматына караганда, шайлоого 2 миллиондон ашуун адам катышты. Бул 1969-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: