super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Швецияда "Labubu" куурчактарынан кооптуу химиялык зат табылды 

 

Швецияда жасалма "Labubu" куурчактарынан кооптуу химиялык зат табылды. Бул тууралуу Орусиянын РИА новости басылмасы жазган.

Швециянын химиялык азыктарды көзөмөлдөө агенттиги билдиргендей, өлкөдө сатылып жаткан "Labubu" куурчактарынан ден соолукка зыян алып келген диэтилгексилфталат химикатын табышкан. Табылган заттар тукумсуздукка алып келип, түйүлдүктүн өнүгүшүнө зыян келтириши мүмкүн экени айтылган.

Аталган химихат Швецияда 1990-жылдардын аягынан бери оюнчуктарда колдонууга тыюу салынган. Ошентсе да, айрым өлкөлөрдө бул зат пластикалык буюмдарды жасоодо колдонулуп келет.

"Жаш балдар өзгөчө сезгич болушат, себеби алардын денеси дагы деле өнүгүп жатат да. Балдар оюнчуктарды оозуна көп салышат, мындай учур химиялык заттарды жутуу коркунучун күчөтөт", - деген химиялык продуктыларды көзөмөлдөө агенттиги.

Labubu - тиштерин көрсөтүп күлүп турган жумшак оюнчук. Учурда ал Кыргызстандагы өспүрүмдөр арасында дагы белгилүү. Анын көлөмү кичинекей болгону менен башка оюнчуктарга салыштырмалуу баасы кымбат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: