super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Филиппиндеги Калмаеги тайфунунан каза болгондордун саны 140 адамдан ашты

 

Филиппин аралдарынын борбордук жана түштүк бөлүгүн каптаган Калмаеги тайфунунун кесепетинен кеминде 140 адам каза болду. Дагы 127 адам дайынсыз болуп жатканы тууралуу AFP агенттиги жергиликтүү бийликке таянып билдирди.

Филиппиндин жарандык коргонуу улуттук башкармалыгы 114 адамдын каза болгонун ырастады, бирок бул сандын ичине Себу провинциясында катталган дагы 28 курмандык киргизилген эмес. Буга чейин Себу провинциясында 93 киши каза болуп, 26 адам дайынсыз болуп жатканы кабарланган. Дал ушул аймакка табигый кырсыктын негизги соккусу тийген.

Associated Press маалымдагандай, Филиппин президенти Фердинанд Маркос-кичүүсү өлкөдө өзгөчө кырдаал абалын жарыялады.

Филиппин бийлиги жээк аймактарынан дээрлик 400 миң адамды эвакуациялады. Деңиздеги толкундардын бийиктиги 4 метрге жеткен. Тайфун азыр Вьетнам тарапка жылып бара жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: