7-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 7-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2... -7, күндүз +5... +10;
Талас жергесинде түнкүсүн -6... -8, күндүз +7... +9;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1... -3, күндүз +10... +12 градус жылуу;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4... -6, күндүз +6... +8;
Нарын аймагында түнкүсүн -9... -11, күндүз +3... +5 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн -5... -7, күндүз +7... +9 градуска жетет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:39
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















