Бразилияда Барби куурчагына окшошуу үчүн 27 жолу операция жасаткан блогер каза болду
Бразилиянын Сан-Паулу шаарында Барби куурчакка окшошуу үчүн 27 жолу пластикалык операция жасаткан 31 жаштагы блогер Барбара Жанкавски (Barbara Jankavski) каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка караганда, Барбара өзүнүн келбетин өзгөртүү үчүн жалпы 55 миң доллар акча каражат жумшаган. Ал келбетин өзгөрткөнүн ачык көрсөтүп баштагандан кийин атактуу болуп, телешоулорго жана жарнамаларга тартыла баштаган.
Чет элдик басылмалар жазгандай, Барбара Жанкавски 51 жаштагы жактоочусунун үйүнөн табылган. Жактоочусу блогерди сексуалдык кызмат үчүн жалдаганын жана экөө тең мыйзамсыз баңгизатын колдонушканын айткан.
Полиция блогердин денесинде шектүү тактар болгонун билдирген. Учурда экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















