super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте токтоп турган автоунааны айдап качып кеткен жаран кармалды (видео)

 

Бишкекте токтоп турган автоунааны айдап качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 5-ноябрда К.Н. аттуу жаран Биринчи Май РИИБге арыз менен кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 21:15 чамасында белгисиз адам Панфилов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишине токтоп турган анын Toyota Altezza үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кеткенин билдирген. Ууру автоунааны айдап, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражатын мыйзамсыз айдап кетүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө "Коопсуз шаар" видеокөзөмөл камераларынын жардамы менен 1996-жылы туулган М.Ж. аттуу шектүү кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Ал ЖПКсынын 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Милиция кызматкерлери тарабынан уурдалган автоунаа Бишкек шаарында табылып, ээсине кайтарылып берилди.






Бишкекте токтоп турган автоунааны айдап качып кеткен жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: