Өкмөт электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизди
Өлкөдө административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда өкмөттөн маалымдашты.
Белгилүү болгондой, бул имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон процесстерге таасир этпейт.
Ал стратегиялык объектилерге, күнү-түнү иштеген (коргоону, коопсуздукту, саламаттыкты сактоону, социалдык коргоону жана калктын жашоосун камсыз кылган) уюмдарга тиешелүү эмес.
"Бул чараларды ишке ашыруу энергетикалык натыйжалуулукту кыйла жогорулатып, ай сайын болжол менен 40 миллион киловатт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет деп болжолдонууда", - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, ушул жылдын тогуз айында Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук өсүштү көрсөтүп, дээрлик 1 миллиард киловатт-саатка көбөйдү. Бул жаңы өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана билим берүү мекемелеринин ишке киргизилишине, турак жай курулушунун көлөмүнүн кеңейишине байланыштуу.
"Учурдагы вегетация мезгилинин өзгөчөлүктөрү Нарын дарыясына суунун агып келишинин төмөндөшү менен мүнөздөлөт. Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрдөн 2 миллиард куб метрге аз. Мындай абал суу жана энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу башкарууга активдүү мамилени талап кылат", - деп белгиленген маалыматта.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















