super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Израил Египет менен чектешкен аймакты "жабык аскердик зона" деп жарыялады

 

Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Израил менен Египеттин чек арасындагы аймакты "жабык аскердик зона" деп жарыялады. Бул тууралуу Израилдин Коргоо министрлиги маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, бул аймакта ок атуу эрежелери өзгөртүлүп, анда тыюу салынган зонага уруксатсыз кирген жана дрон операторлоруна же аткезчилерге зыян келтирүүгө аракеттенген адамдарды жок кылуу мүмкүн экени айтылат.

9-октябрда Израил менен палестиналык ХАМАС кыймылы Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу менен АКШ президенти Дональд Трамп сунуштаган тынчтык планынын биринчи этабын ишке ашыруу боюнча макулдашышкан. Газа секторунда ок атышууну токтотуу режими 10-октябрда күчүнө кирген.

Бирок 19-октябрда Израил ХАМАСтын аскердик объектилерине сокку уруп, тынчтык келишимин бузган. Израил бийлиги "биринчилерден болуп ХАМАС кол салган" деп билдирсе, кыймыл бул айыптоону четке каккан.

21-октябрда Дональд Трамп АКШнын Жакынкы Чыгыштагы союздаштары ХАМАС тынчтык келишимин бузган учурда Газа секторуна аскер киргизүүгө даяр экенин айткан. Анын айтымында, кырдаалды жөнгө салуу үчүн аскердик күчтөр колдонулушу мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: